Ташкентте өткөн оюнда кыргыз футболчулары жеңишке жете алган жок

Спорт Загрузка... 21 Март 2025 11:00
0c85947e-21a5-4146-a63a-d8f2bbd0b067.jpeg
copyright icon КФС

Бишкек, 21.03.25 /Кабар/. Кечээ, 20-мартта Ташкент шаарында Кыргызстан жана Өзбекстан футбол командалары беттешип, тилекке каршы, кыргыз курамасы жеңишке жете алган жок. Эсеп 1:0 менен аяктаганын Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Оюн 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында өттү.

Мелдештин биринчи бөлүгүндө каршылаштар бир гол киргизген. Экинчи бөлүктө эч кандай өзгөрүү болгон жок. Беттеште дарбазачы Эржан Токотаев дарбазаны мыкты деңгээлде коргой алды.

“Беттештен кийин мен оюнчуларга алар берилүү менен ойногондору үчүн, ошондой эле жакшы жыйынтыкка жетүүгө аракет кылгандары үчүн ыраазычылык билдирдим. Тилекке каршы, жыйынтыкка жете алган жокбуз. Биз үчүн бул канчалык кыйын болсо да тажрыйба жана бул тажрыйба биз үчүн баа жеткис”, – деген КРнын футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын.

Эске салсак, 25-мартта Бишкек шаарында кыргыз курамасы Катар өлкөсү менен беттешет.