Ташкент, 20.11.25. /Кабар/. Бүгүн Ташкент шаарында "Терроризм, сепаратизм жана экстремизмдин жайылышына бөгөт коюу: алардын түпкү себептерин жоюу" темасындагы 11-эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады, деп жеринен билдирет кабарчыбыз.
Иш-чарада терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөш боюнча өлкөлөрдүн улуттук тажрыйбасы, эл аралык кызматташтык, дерадикализация маселелери жана жаштарды деструктивдүү идеологиялардан коргоо чаралары талкууланууда.
Ошондой эле интернет жана маалымат-коммуникациялык технологиялардын террордук максаттарда колдонулушуна каршы аракеттер, акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого бөгөт коюу боюнча маселелер да конференциянын күн тартибине кирди.
Конференцияга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын Аймактык антитеррордук түзүмүндөгү өкүлү Алтынбек Казканов катышууда.
Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык антитеррордук түзүмү (РАТС) тарабынан уюштурулуп, 21-ноябрда жыйынтыкталат.