Ташкент, 14.06.25. /Кабар/. Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөнүнүн 24 жылдыгына карата маалымат жыйыны өттү. Иш-чараны Өзбекстандагы ШКУнун Элдик дипломатия борбору уюштурду.
Брифингди ачкан борбордун директору Кабулжон Сабиров уюмдун аймактык коопсуздук, туруктуулук жана "Шанхай духу" принциптерин илгерилетүүдөгү ордуна токтолуп, ШКУнун маданий-гуманитардык кызматташтыктагы жетишкендиктери жана келечек пландары тууралуу кеңири айтып берди.
Анын айтымында, 2024-жылдын август айында Ташкентте өткөн Борбор Азия журналисттеринин форуму аймактагы маалымат каражаттары ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрдү. Форумда региондук медиаплатформа түзүү демилгеси көтөрүлүп, бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн маалымат мейкиндигин жакындаштырууга багытталган маанилүү кадам катары бааланды. Бул маанилүү платформада Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Динара Жиенбаева жетектеген делегация да активдүү катышып, өлкөнүн үнүн тааныта алды.
Мындан тышкары, өткөн жылы Ташкентте өткөн Элдик дипломаттардын I эл аралык конгресси да эл аралык деңгээлде көңүл бурулчу окуялардын бири болду. Конгресс алкагында эл аралык достукту чыңдоо, маданий көпүрөлөрдү бекемдөө жана эл дипломатиясынын келечеги тууралуу терең талкуулар жүргөн. Бул жогорку деңгээлдеги жыйынга Кыргызстандын делегациясы катышып, аны көп жылдык дипломатиялык тажрыйбасы бар, коомдук-саясий чөйрөдө таанымал инсан — Жаңыл Түмөнбаева жетектеген.
Брифингдин жүрүшүндө Сабиров сентябрь айында Ош шаарындагы кыргыз-өзбек университети менен биргеликте өтө турган “Сырдарыя — достуктун дарыясы” аттуу экофестиваль тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, мындай маданий-экологиялык иш-чаралар эки элдин ортосундагы достукту дагы да бекемдейт.
Маалымат жыйынынын жыйынтыгында директор ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа өкүлдөрү менен кызматташтыкты тереңдетүү — Элдик дипломатия борборунун артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.