Ташкент, 27.08.25. /Кабар/. Ташкентте "ШКУ катчылыгы, Эл дипломатиясы борборлору, Жакшы тилек элчилери: өз ара аракеттешүүнүн векторлору" аталышындагы эл аралык тегерек стол өттү, деп маалымдайт өз кабарчыбыз.
Иш-чара офлайн жана онлайн форматта уюштурулуп, ага ШКУ Катчылыгынын өкүлдөрү, Эл дипломатиясы борборлору, ошондой эле Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген учурдагы Жакшы тилек элчилери катышты.
Жыйындын максаты — Жакшы тилек элчилеринин ишмердүүлүгүн талкуулоо жана мунун негизинде ШКУ өлкөлөрү арасында маданий кызматташтыкты, өз ара түшүнүүнү жана достукту бекемдөө болду.
Тегерек столдун катышуучулары бир катар жаңы демилгелерди сунушташты: элчилердин эл аралык форумдардагы жолугушууларын уюштуруу, сүрөт жана көркөм көргөзмөлөрдү өткөрүү, жаштар үчүн сынактар уюштуруу, ШКУ маданий жана көркөм фондун түзүү, ошондой эле Эл дипломатиясы борборлору менен Жакшы тилек элчилери арасындагы координацияны күчөтүү.
Талкуунун жыйынтыгында институтту өнүктүрүү жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча конкреттүү сунуштар түзүлдү. Ага биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Жакшы тилек элчилерине эксперттик колдоо көрсөтүү пландары кирет.
Эскерте кетсек, "ШКУ Жакшы тилек элчиси" институтун түзүү демилгеси 2021-жылы ШКУ саммитинде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан сунушталган. 2022-жылы Самарканддагы саммитте мамлекет башчылары элчилердин ыйгарым укуктары жана милдеттерин жөнгө салган Жобону бекитишкен. Анын негизги максаты — ШКУнун максаттары менен милдеттерин кеңири коомчулукка жайылтуу.