Ташкент, 19.08.25. /Кабар/. Ташкент шаарындагы "Янги Узбекистон" аймагында Олимпиадалык шаарчанын курулушу бүткөнү жарыяланды, деп маалымдайт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Президент Шавкат Мирзиёев комплекстин спортту өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгилеп, региондорду өнүктүрүүнү, машыгуу шарттарын жакшыртууну жана спортчулардын чеберчилигин жогорулатууну тапшырды.
Шаарчада беш негизги спорттук объект бар: велодром, 12 миң орундуу стадион, суу спортунун сарайы, оюн жана күрөш түрлөрү боюнча комплекстер, ошондой эле 15 ачык аянтча. Бардык объекттер эл аралык стандарттарга ылайык жасалган.
Шаарчада 400 орундуу паралимпиячылар үчүн жатакана жана Спорттук медицина илимий-практикалык борбору да курулууда.
Комплекс 100 гектардан ашык аянтты ээлеп, болжол менен 290 млн долларга бааланган. Курулуш 2022-жылдын 9 ноябрында башталган.