Ташкент, 29.10.25. /Кабар/. Ташкенттеги Достук шаарчасында "Обондордо биримдик, жүрөктөрдө достук" деген ураан алдында "Музыкалык көпүрө" аттуу маданий концерттик кечe болуп өттү. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун Эл дипломатиясы борборунун демилгеси менен уюштурулганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Концерттин негизги максаты – музыка өнөрү аркылуу Өзбекстанда жашаган көп улуттуу элдин биримдигин, достугун жана өлкөнүн өнүгүшүнө баары бирдей салым кошо турганын чагылдыруу эле. Иш-чаранын жүрүшүндө сахнадан ар улуттун салттуу жана заманбап музыкалары жаңырып, достук, тынчтык жана ынтымакты даңазалаган ыр-күйлөр көрүүчүлөргө өзгөчө руханий дем тартуулады.
Кыргыз улуттук маданий борборунун активисти, таланттуу ырчы жана обончу Мухаммад Тожибоев аткарган "Маржаным" ыры көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, чоң кол чабуулар менен коштолду.
Ошондой эле Өзбек мамлекеттик искусство жана маданият институтунун студенттик ансамблдери жана азербайжан, грузин, казак, кыргыз, татар, түрк, уйгур улуттук маданий борборлорунун өкүлдөрү сахнага чыгып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Музыка менен бийдин айкалышы көрүүчүлөргө өзгөчө шаң тартуулап, элдердин ортосундагы достугкту даңазалады. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышты.