Ташкентте мультимодалдык ташуулар боюнча эл аралык форум өттү

Борбор Азия Загрузка... 13 Ноябрь 2025 16:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.11.25. /Кабар/. Өзбекстан борбору Ташкентте КМШнын Координациялык транспорттук кеңешинин 45-жыйыны жана «Евразия континентиндеги КМШ өлкөлөрүнүн транспорт-логистикалык кызматташуусу» аттуу пленардык талкуу болуп өттү.

Иш-чарага Россия, Өзбекстан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандан тиешелүү министрлик-ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жетектеген делегация катышты.

Форумда интеграциялык процесстерди ылдамдатуу, транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана ачыктыкка, ишенимге, өз ара пайдага негизделген бирдиктүү логистикалык мейкиндикти түзүү зарылдыгы белгиленди.

Иш-чаранын күн тартибине төрт панелдик сессия кирип, анда Орто коридорду өнүктүрүү, биргелешкен логистикалык операторлорду жана хабдарды түзүү, порттук жана кургактык инфраструктураларды жакшыртуу, жүк ташууларды санариптештирүү боюнча маселелер талкууланды.

Форум өлкөлөрдүн мультимодалдык чечимдерди кеңейтүүгө, транзиттик чынжырлардын туруктуулугун камсыздоого жана Евразия багытындагы маршруттардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга кызыкдар экенин көрсөттү.