Ташкентте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Коом Загрузка... 01 Сентябрь 2025 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 01.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.

Иш-чаранын негизги максаты Ташкент шаарында жашаган мекендештерди бириктирүү жана алардын ортосундагы байланышты чыңдоо болду.

Расмий бөлүгүндө Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов куттуктоо сөзүн сүйлөп, өлкөнүн эгемендүүлүккө жеткен тарыхый учурларын эскерди жана чет өлкөдө жашаган мекендештердин Кыргызстандын аброюн көтөрүүдөгү салымын белгиледи.

Коноктор элчиликтин аймагына тигилген боз үй менен таанышып, анда коюлган улуттук каада-салттарды чагылдырган буюмдар жана кол өнөрчүлүк үлгүлөрүн көрө алышты. Ошондой эле боз үйдүн өзгөчө атмосферасында сүрөткө түшүп, улуттук тамак-аштардан даам татышты.

Майрамдык кече улуттук музыка коштогон жылуу баарлашуу менен уланды. Иш-чарага Өзбекстанда жашап, иштеп жана билим алып жаткан 40тан ашуун кыргызстандык катышты.