Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын спорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Борбор Азия Загрузка... 13 Март 2025 13:43
WhatsApp Image 2025-03-13 at 09.56.49.jpeg
copyright icon Өзбекстандын Спорт министрлиги

Ташкент, 13.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын спорт министри Адхам Икрамов менен спорт жана дене тарбия тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары чыңдоону талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач, тараптар 2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада оюндарында спортчулардын жетишкендиктери менен бири-бирин куттуктап, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган оюндарда да татыктуу жыйынтыктарга жетишүү ниетин билдиришти.

Сүйлөшүү учурунда Кыргызстан менен Өзбекстанда социалдык, экономикалык жана спорт тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашылды.

Айрыкча, спорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Элчи Чотонов өз ара тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, айрыкча бокс жана күрөш сыяктуу спорт түрлөрүндө биргелешкен программаларды кеңейтүүнү сунуштады.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө, эки тараптуу демилгелерди өнүктүрүү жана спортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү ниетин дагы бир жолу ырасташты.