Кыргызстан менен Өзбекстан меджабдыктарды биргелешип өндүрүүнү пландоодо

Коом Загрузка... 10 Апрель 2025 09:35
WhatsApp Image 2025-04-10 at 08.20.21.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.04.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан "Бишкек" эркин экономикалык аймагында медициналык жабдыктарды биргелешип өндүрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинен билдиришти.

Долбоор Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги жана Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү (УКФР) менен болгон жолугушууда талкууланды.

Өндүрүштүк кубаттуулуктар "Санрайд" компаниясы тарабынан уюштурулат, ал эми продукциянын негизги керектөөчүлөрү Кыргызстандагы медициналык мекемелер — ооруканалар жана поликлиникалар болот.

УКФР долбоорду каржылоону камсыз кылуу жана инвестиция тартуу боюнча консультациялык жардам көрсөтөт.

"Азыркы учурда Кыргызстан жана Өзбекстан саламаттыкты сактоо тармагында 14 биргелешкен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда",-деп айтылат маалыматта.