Ташкент, 14.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Ташкентке "Академиялык мобилдүүлүк" долбоорунун алкагында келген кыргызстандык студенттер менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери учурда Өзбекстандын Мирзо Улугбек атындагы Улуттук университетинде кыска мөөнөттүү билим алмашуу программасынын негизинде окуп жатышат.
Жолугушууда элчи Чотонов студенттер менен алардын Өзбекстан тууралуу алгачкы таасирлери, окуу шарттары жана маданий өз ара алмашуулар туурасында ачык маектешти.
"Мындай долбоорлор эки элдин жогорку окуу жайларынын кызматташтыгын чыңдап, жаш муундардын көз карашын кеңейтип, кесиптик билимин арттырууда зор мааниге ээ", - деди ал.
Студенттер меймандос мамиле жана көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тарыхый байланыштар, элчиликтин ишмердүүлүгү жана билим берүү жаатындагы суроолоруна кеңири жооп алганын айтышты.
Байкоочулардын баамында, мындай жолугушуулар жаштарга эл аралык тажрыйба топтоп, пикир алышууга, ошондой эле эки элдин ортосундагы достук мамилени бекемдөөгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.