Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү өстү

Экономика Загрузка... 01 Апрель 2025 10:47
photo_01_3.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 01.04.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 163 млн АКШ долларын түздү, деп билдирет өлкөнүн президентине караштуу Статистика агенттиги.

Бул көрсөткүч 2024 -жылдын ушул мезгилинде 96,2 млн долларды түзгөн.

Жылдын алгачкы эки айында Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10,8 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 973,3 млн долларга, же 9,9%га өскөн.

Эскерте кетсек, Өзбекстан дүйнөнүн 162 өлкөсү менен соода алакасын жүргүзүп келет. Тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү Кытай (19,2%), Россия (14,9%), Казакстан (6,1%), Түркия (3,9%) жана Афганистан (2,5%) менен катталган.