Ташкент, 19.03.25. /Кабар/. Сенаттын бешинчи пленардык жыйынында “Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн которуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам жактырылды, деп билдирди парламенттин жогорку палатасынын басма сөз кызматы.
Бул келишимдин максаты соттолгондорго жазаны алар жараны болгон мамлекетте өтөө мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат. Бул алардын үй-бүлөсүнө жакын болушуна жана алардын социалдык реабилитацияланышына көмөктөшүүгө мүмкүндүк берет. Документте соттолгондорду жазаны андан ары аткаруу үчүн өз өлкөсүнө которуунун негиздери, шарттары жана тартиби кеңири жазылган.
Келишим ошондой эле соттолгондорду өткөрүп берүүгө байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү, мүмкүн болгон талаш-тартыштарды чечүү тартиби, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн тил маселелери, ошондой эле документке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү механизмдери сыяктуу маанилүү жагдайларды жөнгө салат. Аны ишке ашырууга жооптуу борбордук органдар Кыргызстан менен Өзбекстандын Башкы прокуратуралары болуп саналат.
Эксперттердин айтымында, келишимди ратификациялоо соттолгондордун социалдык адаптация процессин тездетүү менен бирге, үй-бүлөлүк байланыштарды бекемдеп, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомго ийгиликтүү кайтып келүүгө шарт түзөт.
Бул келишимге 2024-жылдын 18-июлунда Ташкентте кол коюлган.