Ташкент, 02.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын борборунда 30-май күнү өткөн Tashkent Law Spring аттуу IV Эл аралык юридикалык форумдун алкагында Кыргызстандын юстиция министринин орун басары Кубан Казаков менен Өзбекстандын юстиция министринин орун басары Музраф Икрамов жолугушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлигинин медиаборбору маалымдады.
Жолугушууда тараптар юстиция тармагын санариптештирүү боюнча жетишкен ийгиликтери жана иш жүзүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Кыргызстандык делегация адам укуктарын коргоо, мыйзам чыгаруу процесси жана калкка юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу баяндады.
Өзбекстан тарап LexAI аттуу чат-бот менен E-Huquqshunos платформасы тууралуу маалымат берип, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана интеллектуалдык менчикти эл аралык стандарттарга ылайык коргоо маселелерин талкуулады.
Жыйынтыгында тараптар юстиция системасына санарип технологияларды кеңири киргизүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бюрократияны кыскартуу жана эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери ортосунда тажрыйба алмашууну улантуу аркылуу өз ара кызматташууну мындан ары да чыңдоого макулдашты.