Ташкентте кыргыз-өзбек парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Саясат Загрузка... 24 Май 2025 13:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушуп, эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерин талкуулашты, деп билдирет Ташкенттеги кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы.

Тараптар Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы байланыштарга жогору баа беришип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламентарийлеринин алкагындагы диалогду дагы тереңдетүү ниеттерин билдиришти.

Ошондой эле парламенттик деңгээлдеги биргелешкен тышкы саясий иш-чаралардын графиги талкууланып, жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даярдык баса белгиленди.

"Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жана конструктивдүү кызматташуунун жогорку деңгээлин дагы бир ирет тастыктады",- деп айтылат маалыматта.