Ташкентте кыргыз-өзбек консулдук кызматташуусу боюнча консультациялар өттү

Саясат Загрузка... 30 Апрель 2025 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.04.25. /Кабар/. Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча кезектеги консультациялар өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын максаты – эки тараптуу консулдук кызматташууну өркүндөтүү жана жарандардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо.

Жолугушууда тараптар консулдук тармактагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, жарандык маселелерди, визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, чек арадан өтүүнүн тартиби, өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарынын арткы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн алынуучу жыйымдан кыргызстандык жарандарды бошотуу маселеси өзүнчө көтөрүлдү. Өзбек тарабы бул багытта тиешелүү механизмдер Өзбекстандын компетенттүү органдары тарабынан иштелип жатканын маалымдады.

Консультациялардын жыйынтыгында тараптар консулдук кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.