Ташкентте кыргыз продукцияларынын жарманкеси ачылды

Экономика 15 Апрель 2025 10:42
3b3d8f55-be5e-4725-addc-aa7423332b23.jpg
4cf0235b-0476-4007-82c9-71c2b69a4b5e.jpg
7e2023db-5aab-4fcd-9d75-41460a8e3a15.jpg
9cece355-0c50-4978-8190-421bbdcc5be7.jpg
47f0086b-9e1b-4250-bef6-5c4b93bef289.jpg
86bcdadd-15f7-4df9-804e-51a3e5060edf.jpg
367c1385-0c1f-4fad-80f5-.jpg
0855e165-ee4d-4df5-bda7-8d0c91e77d89.jpg
c05d4870-0846-4d39-af27-7e99e9eb6ac3.jpg
Алдыга
Артка
3b3d8f55-be5e-4725-addc-aa7423332b23.jpg
4cf0235b-0476-4007-82c9-71c2b69a4b5e.jpg
7e2023db-5aab-4fcd-9d75-41460a8e3a15.jpg
9cece355-0c50-4978-8190-421bbdcc5be7.jpg
47f0086b-9e1b-4250-bef6-5c4b93bef289.jpg
86bcdadd-15f7-4df9-804e-51a3e5060edf.jpg
367c1385-0c1f-4fad-80f5-.jpg
0855e165-ee4d-4df5-bda7-8d0c91e77d89.jpg
c05d4870-0846-4d39-af27-7e99e9eb6ac3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.04.25. /Кабар/. Ташкент шаарындагы FOOD CITY базарында Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен көргөзмө-жарманке ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын расмий ачылыш аземине Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов катышып, мындай форматтагы жарманкелер эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын тереңдеп жатканын айгинелей турганын белгиледи.

"Акыркы төрт жыл ичинде эки өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү алты эсеге өстү. Бүгүн Кыргызстандан келген өндүрүүчүлөрдүн продукциялары ташкенттиктер тарабынан жакшы кабыл алынып жатат. Мындай иш-чаралар мындан ары да көбөйөт деп ишенем. Өзбекстандык товарлар да Бишкекке жетип, соода-экономикалык байланышыбыз мындан ары да бекемделе берет. Баарыңыздарга ийгилик каалайм", — деди элчи.

Жарманкеде Кыргызстандын алдыңкы тамак-аш өндүрүүчүлөрү — "Ак Булак", "Экопродукт Азия" («Organic» бренди), "Бал артели", "Абдыш-Ата", "Алайку Органикс", "Жердин берекеси", "Акун" жана "Бакаев" компаниялары өз продукцияларын сунушташты.

Көргөзмө алкагында кыргызстандык компаниялар өздөрүнүн табигый жана сапаттуу азык-түлүктөрүн тааныштырып, чет өлкөлүк жана жергиликтүү сатып алуучулардын кызыгуусун жаратты.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай аянтчалар кыргыз өндүрүшүн эл аралык деңгээлде таанытууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө чоң өбөлгө болот.

Жарманке 10-майга чейин уланат.