Ташкент, 17.02.26. /Кабар/. Алишер Навои атындагы Өзбекстандын Улуттук китепканасында Захириддин Мухаммад Бабурдун "Бабурнаама" чыгармасынын кыргыз тилиндеги котормосунун бет ачары болуп өттү, деп жеринен маалымдайт кабарчыбыз.
Мааракеде "Өзбекстан–Кыргызстан" достук коомунун төрагасы, окумуштуу жана жазуучу Зухриддин Исамутдинов "Бабурнаама" XV–XVI кылымдардагы Борбор Азия тарыхын изилдөөдө негизги биринчи булак катары бааланарын баса белгиледи.
“Басылмада Фергана өрөөнү, Алай, Ош, Өзгөн, Аксы жана Памир-Алай аймагы тууралуу маанилүү маалыматтар камтылган. Бул материалдар аймактын тарыхый географиясын жана этностук тарыхын үйрөнүүдө кыргыз окумуштууларына чоң жардам берет”, деп айтты ал.
Китепке Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев алгы сөз жазган.
Чыгарма кыргызстандык бабур таануучу окумуштуу, филология илимдери боюнча философия доктору (PhD) Хосият Бекмирзаева тарабынан өзбек тилинен кыргызчага которулган.
Басылманын даярдалышына кыргыз жана өзбек окумуштууларынан турган адистер тобу катышкан. Адабий редакциясын философия илимдеринин кандидаты, доцент Төлөнбай Курбанов жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү кыргыз жазуучусу Абибилла Пазылов жүргүзүшкөн. Жооптуу редактору болуп филология илимдеринин доктору (DSc), бабур таануучу окумуштуу Шуҳрат Хайитов эмгектенген.
Редакциялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илим ишмери, профессор Кыяс Молдокосымов, КР УИА академиги, философия илимдеринин доктору Нур Саралаев, профессор Сулайман Кайыпов, ошондой эле Өзбекстан Илимдер академиясынын академиги Шуҳрат Сирожиддинов жана башка белгилүү окумуштуулар кирген.