Ташкентте кыргыз-грузин кызматташтыгы талкууланды

Саясат Загрузка... 03 Сентябрь 2025 15:35
WhatsApp Image 2025-09-03 at 15.30.44.jpeg
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.09.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Грузиянын Өзбекстандагы элчилери Дүйшөнкул Чотонов жана Давид Котария эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты, деп билдирди элчиликтин басма сөз кызматы.

Достук жана өз ара түшүнүшүү духунда өткөн жолугушууда тараптар кыргыз-грузин алакаларынын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашышты. Өзгөчө маданий-гуманитардык, саясий жана экономикалык байланыштарды өркүндөтүү багытындагы маселелер көңүл борборунда болду.

Ошондой эле элчилер эки мамлекеттин БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыгын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту. Бул жаатта жалпы демилгелерди колдоо жана биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылчылыгы айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экендигин ырасташты. Элчилер мындай ишенимдүү диалог мындан ары да эки өлкөнүн кызматташтыгына оң таасир эте турганын белгилешти.