Ташкентте коррупцияга каршы жаңы ыкмалар талкууланды

Борбор Азия 1114 26 Октябрь 2025 11:55
photo_24_11.jpg
photo_24_13.jpg
photo_24_12.jpg
Алдыга
Артка
photo_24_11.jpg
photo_24_13.jpg
photo_24_12.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын борборунда “Талкуудан — практикалык өзгөрүүлөргө” урааны астында бешинчи Ташкент антикоррупция форуму болуп өттү. Иш-чара эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана коррупцияга каршы күрөштө заманбап ыкмаларды жайылтууга арналды.

Форумдун негизги максаты — коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык диалогду жаңы деңгээлге чыгаруу, тажрыйба жана инновациялык ыкмалар алмашууну күчөтүү, алдын алуу механизмдерин өркүндөтүү жана натыйжалуу саясий чечимдерди иштеп чыгуу болду.

Быйылкы форумда “Жасалма интеллект коррупцияга каршы”, “Комплаенс көзөмөлүнүн жаңы деңгээли” жана “Антикоррупциялык билим берүү” темалары талкууланып, жыйынтыгында саясатты өркүндөтүү жана кызматташууну чыңдоо боюнча сунуштар иштелип чыкты. Форумдун соңунда V Ташкент антикоррупция форумунун декларациясы кабыл алынды.

Иш-чарага 250дөн ашык чет элдик делегациялардын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Форум Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөш агенттиги тарабынан Европа Биримдиги, БУУ, GIZ, АКШнын Мамлекеттик департаменти, ЕККУ, Конрад Аденауэр фонду жана Катар мамлекетинин колдоосу менен уюштурулду.