Ташкентте IV эл аралык инвестициялык форум өтөт

Борбор Азия Загрузка... 10 Июнь 2025 13:23
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Борбор Азиядагы эң ири инвестициялык аянтча болгон IV Ташкент эл аралык инвестициялык форуму өтөт.

Бул ирет форумда 100гө жакын өлкөдөн 8 миңден ашуун делегат, анын ичинде мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери, эл аралык каржы институттарынын жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышат.

Кыргызстандан форумга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген делегация катышат. Жогорку даражалуу коноктордун катарында Болгария, Словакия, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан жана Түркмөнстандын жетекчилери, ошондой эле ЕБРР менен Жаңы өнүгүү банкынын башчылары бар.

Форумда энергетика, инфраструктура, айыл чарба, санарип технологиялар, кен байлыктарды казуу жана өнөр жай тармактарындагы ири инвестициялык долбоорлор тааныштырылууда. Ошондой эле алгачкы жолу Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган Улуттук көргөзмө уюштурулуп, анда 90дан ашык компания өз долбоорлорун сунуш кылууда.

Форумду дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн келген маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырат. Алардын катарында Кыргызстандын «Кабар» агенттигинин өкүлдөрү да бар.

Форум алкагында эки тараптуу жолугушуулар, долбоорлордун презентациялары жана жаңы келишимдердин кол коюлушу менен жыйынтыкталат.