Ташкент, 09.10.25. /Кабар/. Бүгүн Өзбекстандын Эл аралык көргөзмө борборунда (CAEx) «Чек арасыз идеялар» урааны алдында инновациялык идеялардын VIII эл аралык жумалыгы — «InnoWeek–2025» расмий түрдө ачылды, деп жеринен маалымдайт кабарчыбыз.
Иш-чаранын негизги максаты — алдыңкы технологияларды ишке киргизүү жаатында эл аралык тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле дүйнөлүк инновациялык процесстерге активдүү катышуу аркылуу кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.
Жумалыкка 30га жакын өлкөдөн 130дан ашуун өкүл жана элчи катышууда. Алардын катарында Армения, Беларусь, Венгрия, Германия, Грузия, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Корея, Кытай, Кувейт, Малайзия, Нидерланддар, Сингапур, Тажикстан, Того, Швеция, Франция жана Япония бар.
Кыргызстандын атынан иш-чарага министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Айдар Алымбеков жетектеген делегация катышууда.
«InnoWeek» алкагында 30дан ашык илимий-практикалык иш-чаралар өтөт. Алардын ичинде 18 эл аралык форум, конференция жана семинар, ошондой эле улуттук деңгээлдеги 11 жолугушуу жана презентация бар.
Маалыматка ылайык, инновациялык жумалык 11-октябрга чейин уланат. Өзбекстанда «InnoWeek» эл аралык жумалыгы 2018-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.