Ташкент, 30.11.25. /Кабар/. Ташкенттеги Central Asian Expo Uzbekistan (CAEx) көргөзмө борборунда «Жибек жолу туризми» аттуу 30-Ташкент эл аралык туристтик жарманкесинин алкагында «Даамдуу Өзбекстан – 2025» II эл аралык гастрономия фестивалы жана ашпозчулар чемпионаты өтүүдө.
Иш-чара Туризм комитети жана Өзбекстан ашпозчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, улуттук ашкананы дүйнөлүк деңгээлде таанытууга багытталган.
Фестиваль жылдагы эң ири гастрономиялык иш-чаралардын бири болуп, анда Швейцария, Франция, Азербайжан, Италия, Германия, Түркия жана башка мамлекеттерден келген 30дан ашуун өлкөнүн ашпозчулары өз ара мелдешүүдө.
Калыстар курамында Кыргызстан шеф-поварлар ассоциациясынын президенти Шухрат Шарипов иш алып барууда, ал эми мелдеште тажрыйбалуу ашпозчу Бериктай Макаев өз өнөрүн көрсөтүп жатат.
Ашпозчулар чемпионаты Шеф-ашпозчулар коомдорунун Дүйнөлүк ассоциациясы (WACS) белгилеген эл аралык талаптарга ылайык өтүп, катышуучулар 12 номинация боюнча өнөр көрсөтүшүүдө — заманбап гастрономиядан тартып улуттук тамактарга, нан бышыруудан шоу-десерттерге чейин.
Фестивалдын программасына мастер-класстар, дегустациялар, гастрокөргөзмөлөр жана жаш ашпозчулар сынагы кирген. Адистердин айтымында, мындай иш-чаралар гастротуризмди өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу түрткү берет.