Ташкентте ФИФАнын Борбор Азия боюнча кеңсеси ачылат

Борбор Азия 1841 09 Сентябрь 2025 11:00
a_09.jpeg
a_09_0.jpeg
o_11_.jpg
o_11.jpg
Алдыга
Артка
a_09.jpeg
a_09_0.jpeg
o_11_.jpg
o_11.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 09.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен ФИФАнын президенти Жанни Инфантино жолугушуусунун жыйынтыгында Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ФИФАнын аймактык кеңсесин ачуу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда кызматташтыкты кеңейтүү, футболду башкаруу системасын өркүндөтүү, жаш таланттарды тарбиялоо жана эл аралык деңгээлде машыктыруучуларды, калыстарды, адистерди даярдоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда президент Мирзиёев Жанни Инфантиного өзбек футболунун дүйнөлүк аренада өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Дўстлик» орденин тапшырды. Ошондой эле тараптар Өзбекстан менен Ирандын беттешин көрүштү. Өзбекстан курамасы 1:0 эсебинде жеңип, CAFA Nations Cup – 2025 турниринин чемпиону болду.

CAFA – Борбор Азия футбол ассоциациясы. Турнир эки жылда бир өтөт. Быйылкы мелдешке Өзбекстан менен Ирандан тышкары Афганистан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Индия жана Оман курамалары катышты.