Ташкентте ЕККУнун Борбор Азия боюнча медиа конференциясы өтүүдө

Борбор Азия Загрузка... 14 Ноябрь 2025 15:00
a_14.webp

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.11.25. /Кабар/. Ташкент шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Борбор Азия боюнча 25-медиа конференциясы өтүп жатат, деп билдирет «Дунё» маалымат агенттиги.

Конференциянын күн тартибине санариптик платформалар жана жасалма интеллект шартында журналистиканын ишин өнүктүрүү, журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу, медиа-укуктук чөйрөнү чыңдоо жана коомдордун туруктуулугун жогорулатууда медиасабаттуулуктун ролу сыяктуу маселелер кирет. Катышуучулар редакциялык иштерде жасалма интеллектти жоопкерчилик менен колдонуу боюнча сунуштар менен таанышып, климаттык жана экологиялык темаларды чагылдыруу боюнча ЕККУ менен ЮНЕСКОнун методикалык көрсөтмөлөрүн талкуулашууда.

Жыйындын алкагында ЕККУнун санариптик платформалар доорунда медиа эркиндигин коргоого арналган жаңы саясий колдонмосу өзгөчө кызыгуу жаратты. Анда сапаттуу журналистиканын көрүнүмдүүлүгүн жана туруктуулугун бекемдөөгө багытталган практикалык чечимдер сунушталган.

Конференцияга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия жана Өзбекстандан медиасфера өкүлдөрү, эксперттик уюмдар, эл аралык түзүмдөр жана академиялык мекемелер катышууда.

Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда учурда 2400гө жакын маалымат каражаты иш алып барып, алардын 65 пайызы — бейөкмөт медиа түзүмдөрү.