Ташкент, 20.06.25. /Кабар/. Ташкент шаарында экологиялык технологиялар жаатындагы Eco Expo Central Asia 2025 аттуу эл аралык көргөзмөсү башталды.
Көргөзмө климаттын өзгөрүшү, ресурстарды үнөмдөө, "жашыл" энергетика, таза технологиялар жана экологиялык билим берүү маселелерин талкуулоо үчүн аянтча түзүүдө. Анда пленардык жыйындар, талкуу сессиялары, мастер-класстар, инновациялык долбоорлордун бет ачарлары жана бир катар келишимдерге кол коюу аземдери өтөт.
Иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн 3 миңге чукул катышуучу, анын ичинде жогорку даражалуу өкүлдөр, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү келди.
Көргөзмө Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча министрлиги тарабынан, өлкөдө жарыяланган Айлана-чөйрөнү коргоо жана “жашыл” экономика жылынын алкагында уюштурулду.
Серепчилердин баамында, бул иш-чара Борбор Азияда туруктуу өнүгүүгө, экологиялык ой жүгүртүүнү өрчүтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.