Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун даңазалуу мурасы дагы бир ирет эскерилди

Маданият Загрузка... 11 Декабрь 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.12.25. /Кабар/. Ташкент шаарындагы Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 97 жылдыгына арналган «Айтматов сабактары» аттуу иш-чара болуп өттү, деп кабарчыбыз жеринен билдирет.

Иш-чараны университеттин «Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан» аттуу экспозициясынын директору, профессор Ахмаджон Мелибоев ачып, улуу жазуучунун мааракесин белгилөө жана аны эскерүү бүгүн тарыхый жана маданий мааниси өтө чоң окуя экенин белгиледи.

«Айтматов адамзаттын руханий дүйнөсүнө жаңы көлөм, жаңы тереңдик берген сейрек талант. Анын чыгармалары улуттан өйдө турган жалпы адамзаттык үмүт, тагдыр жана моралдык жоопкерчилик тууралуу баяндайт», — деди ал.

Профессордун айтымында, Чыңгыз Айтматов өз чыгармачылыгында адам менен табияттын байланышы, руханий бузулуу, адамдык парз, миф жана цивилизациянын кагылышы сыяктуу жалпы инсаниятка таандык терең маселелерди көтөрүп келген.

«Айтматов дүйнөнү ойлонткон суроолорду бир адамдын тагдыры аркылуу айтып берген улуу сүрөткер. Ошондуктан анын ар бир чыгармасы окурманды өзүнө тартып турат», — деди профессор.

Ал ошондой эле Айтматовдун Өзбекстандагы окурмандарынын жүрөгүнөн бекем орун алганын айтып, бул өлкөдө анын мурасына өзгөчө урмат көрсөтүлөрүн белгиледи.

«Өзбекстан окурмандары Айтматовду өзүнүн жазуучусундай көрөт. Анын каармандары да, көтөргөн идеялары да биздин рухий дүйнөгө абдан жакын», — деди Мелибоев.

Иш-чарада «Айтматов таануу» илиминин маани-маңызы, анын негизги багыттары жана Борбор Азиядагы илимий мектептер ортосундагы кызматташтык тууралуу да кеңири пикир алмашуу болду. Профессор жаштарга кайрылып, залкар жазуучунун чыгармаларын терең үйрөнүүнүн зор маанисин белгиледи.

«Жаштар Айтматовдун мурасын билсе — алардын акылы да, жүрөгү да байыйт. Айтматов ар бир муунга керек болгон руханий сабакты калтырган», - деди.

Мындан тышкары, кыргыз жана өзбек студенттеринин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, адабий жана илимий багыттагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Эске салсак, Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде «Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан» аттуу экспозиция президент Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылы Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракелеринин алкагында ачылган. Экспозицияда жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана анын Өзбекстан менен болгон байланышы тууралуу уникалдуу материалдар камтылган.