Ташкентте Central Asian Cup кубогун өткөрүү маселеси талкууланды

Борбор Азия Загрузка... 13 Октябрь 2025 12:24
photo_13_.jpg
copyright icon Өзбекстандын Футбол ассоциациясы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын Футбол ассоциациясынын биринчи вице-президенти Равшан Ирматов менен Казакстандын Футбол федерациясынын президенти Марат Омаровдун жолугушуусунда FIFA Central Asian Cup – Борбор Азия футбол кубогун уюштуруу демилгеси талкууланды.

Өзбекстандын Футбол ассоциациясынын маалыматына ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана аймактык спорттук долбоорлорду чогуу ишке ашыруу маселелери көңүл чордонунда болду.

Тараптар FIFA жана UEFA менен түзүлгөн кызматташтыкты жогору баалап, аймакта достук беттештердин санын көбөйтүү, футбол адистерин даярдоо жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.