Ташкент, 28.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында «БУУ-Аялдар» уюмунун расмий кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирет «Дунё» агенттиги.
Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча уюмдун директорунун орун басары Элиза Фернандес Саенс белгилегендей, бул кеңсе өзгөрүүнү самаган ар бир аял менен кыз үчүн үмүттүн жарыгы, аларга жанашып келе жаткан өнөктөштөр үчүн дем күч болот.
Кеңсенин ачылышы Европа биримдиги каржылаган жана Өзбекстандын Экономика жана финансы министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан, гендердик багыттагы бюджеттештирүү долбоорунун башталышы менен дал келди.
Бул кеңсени ачуу тууралуу жогорку деңгээлдеги макулдашууга 2024-жылдын май айында «БУУ-Аялдар» уюмунун аткаруучу директору Сима Бахустун Өзбекстанга болгон сапары учурунда жетишилген.
Эскерте кетсек, «БУУ-Аялдар» уюму 2010-жылдан бери гендердик теңчиликке жетүү жана аялдардын укугун кеңейтүү багытында иш алып барат. Ташкенттеги жаңы кеңсе ушул миссияны улантып, «эч ким унутта калбайт» деген БУУнун негизги принциптеринин бири болгон ураанды бекем карманат.