Ташкентте Борбор Азиянын региондук өздүгүн калыптандыруу маселеси көтөрүлдү

Борбор Азия Загрузка... 15 Август 2025 17:31
WhatsApp Image 2025-08-15 at 16.10.53.jpeg
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын "Геосаясат жана стратегия" илимий-изилдөө институтунун директору Канатбек Азиз Ташкентте өткөн "Борбор Азияда региондук өздүктү калыптандыруунун практикалык аспекттери" аттуу илимий-практикалык конференцияда аймактык өздүктү стратегиялык артыкчылык катары бекитүүгө чакырды.

Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү азыр саясий жана экономикалык зарылдыкка айланган биригүү этабына кирди. “Бул маселе мурдагыдай формалдуу сөз бойдон калбашы керек”, – деди ал.

Азиз акыркы отуз жыл ичинде мамлекеттер негизинен улуттук негизди бекемдөөгө басым жасап келгенин, бирок азыркы глобалдык чакырыктар макулдашылган региондук чечимдерди талап кыларын белгиледи. Ал мисал катары быйыл март айында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосунда ортомчулардын катышуусуз кол коюлган Худжанд келишимин келтирди. Анын пикиринде, бул документ өз ара ишенимди бекемдеп, кызматташтыкка жол ачты.

Спикер маданий биримдик маселесине өзгөчө токтолуп, «Мен — Борбор Азиялыкмын» формуласы жаштардын аң-сезиминде бекем орун алышы керектигин белгиледи. Ошондой эле Манас, Кобланды баатыр, Алпамыш сыяктуу эпикалык баатырлар, Имам аль-Бухари жана Имам Мотуриди сыяктуу улуу аалымдар бүтүндөй аймактын сыймыгы болушу зарыл экенин айтты.

Эскерте кетсек, иш-чара Ташкентте өтүп жаткан VIII Борбор Азия эксперттер форумунун алкагында уюштурулду.