Ташкентте Борбор Азиядагы суу менен камсыздоо маселелери талкууланды

Борбор Азия Загрузка... 12 Октябрь 2025 10:34
photo_11.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.10.25. /Кабар/. Ташкент шаарында өткөн «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо кызматтары» аттуу Борбор Азия конференциясында суу чарбасындагы көйгөйлөрдү чечүү жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу «Узсувтаъминот» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты. Алар суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо тармагын жакшыртуу жолдорун талкуулашты. Иш-чарада инвестиция тартуу, коммуналдык кызматтардын туруктуулугун камсыздоо, санарип ыкмаларды колдонуу жана энергияны үнөмдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар Борбор Азия, Европа жана Азия өлкөлөрүндөгү (Австрия, Албания, Болгария, Түштүк Корея, Сингапур, Түркия жана Малави) суу жана саркынды суу тармагындагы ишканалардын тажрыйбасы менен таанышышты. Ошондой эле көргөзмө уюштурулуп, жергиликтүү жана эл аралык компаниялардын жабдуулары менен техникасы коюлду.

Адистердин айтымында, аймактагы суу системаларын жаңыртуу жана ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө кеминде 12 млрд доллар инвестиция талап кылынат. Учурда жалпы суммасы 1,1 млрд долларлык долбоорлор ишке ашып жатат, анын көбү ичүүчү суу жана саркынды суу тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Конференция Өзбекстан өкмөтү, «Узсувтаъминот» компаниясы жана Дүйнөлүк банк тарабынан Швейцария менен Түштүк Кореянын колдоосу менен өткөрүлдү.