Ташкент, 28.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жетектеген делегация 27–28-май күндөрү Ташкент шаарында Балдарды коргоо күнүнө арналган «Балдар үчүн диалог: Борбор Азия жана ЮНИСЕФ» аттуу жогорку деңгээлдеги форумга катышты, деп билдирет Ташкенттеги кыргыз дипмиссиясыны басма сөз кызматы.
Форумдун максаты — балдардын ден соолугун коргоо боюнча негизги маселелерде регионалдык өнөктөштүктү чыңдоо жана тажрыйба алмашуу. Талкууланган негизги багыттарга эрте кийлигишүү, медициналык кызматтарды санариптештирүү, сапаттуу жардамга жеткиликтүүлүк, балдар рагын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү кирет.
Пленардык сессияда сөз сүйлөгөн саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев: «Кыргызстан балдардын ден соолугун стратегиялык артыкчылык катары карайт. Биз эрте кийлигишүү программаларын активдүү ишке ашырып, телемедицинаны жана трансдисциплинардык ыкманы өнүктүрүп жатабыз. Бул ар бир бала — жашаган жерине карабастан — өз убагында жана сапаттуу жардам алышы үчүн жасалууда», - деп белгиледи.
Иш-чара алкагында балдар онкологиясы боюнча эл аралык илимий-агартуу платформасын түзүү жана регионалдык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча демилгелер көтөрүлдү.
Форумдун жыйынтыгында ар бир баланын бакубат жашоосун камсыздоого багытталган регионалдык аракеттерди күчөтүү боюнча биргелешкен чаралар белгиленди.