Ташкентте Борбор Азия менен Кореянын парламент башчылары жолугушту

Саясат Загрузка... 17 Декабрь 2025 12:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.12.25. /Кабар/. 16-декабрда Ташкент шаарында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Борбор Азия мамлекеттери менен Кореянын парламент башчыларынын үчүнчү жолугушуусуна катышты, деп маалымдайт элчиликтин басма сөз кызматы.

Иш-чара Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаеванын жетекчилиги алдында өттү. Жыйынга Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоилов, Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы У Вон Сик, Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстан Мажлиси Оли Мажлиси Намояндагонунун төрагасынын орун басары Гиёзода Азиз, ошондой эле Түркмөнстандын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

«Адамдын кадыр-баркы, социалдык адилеттүүлүк жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн кызматташуу» деген темада өткөн пленардык жыйында Борбор Азия — Корея форматындагы парламенттер аралык диалогду чыңдоонун, өз ара ишенимди бекемдөөнүн жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүү аянтчасы экени белгиленди. Ошондой эле аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча координацияланган мамилелерди иштеп чыгууда үзгүлтүксүз жолугушуулардын ролу баса көрсөтүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономикалык чөйрөнү түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон Корея менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.