Ташкентте Борбор Азия лидерлеринин урматына салют атылды

Борбор Азия 1375 16 Ноябрь 2025 14:09
IMG-20251116-WA0014.jpg
IMG-20251116-WA0015.jpg
IMG-20251116-WA0016.jpg
Алдыга
Артка
IMG-20251116-WA0014.jpg
IMG-20251116-WA0015.jpg
IMG-20251116-WA0016.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.11.25. /Кабар/. 15-ноябрда Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 7-консультативдик жолугушуусуна катышкан өлкө жетекчилеринин урматына кооз салют көрсөтүлдү, деп маалымдайт кабарчыбыз.

Кечки убакытта атылган фейерверк шаарды шаң-шөөкөткө бөлөп, борбор калаада майрамдык маанай жаратты.

Ташкенттин тургундары жана шаарга келген меймандар мындай кооздукту коомдук жайларда жана борбордук аянттарда топтолуп көрүштү.

Эксперттердин белгилегендей, бул иш-чара региондор аралык алакаларды чыңдоонун символу катары да мааниге ээ.

Саясий талдоочу Шаробиддин Тулагановдун айтымында, салют сыяктуу протоколдук иш-чаралар Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусун жана биримдикке болгон умтулуусун көрсөтөт.

"Бул жалпы коомго оң маанай жаратып, региондогу достук мамилелерди баса белгилейт", — деди ал.