Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Бүгүн Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Ислам цивилизациясы борборунда “Борбор Азия: бирдиктүү агартуучулук мурас - жалпы келечек” эл аралык конгресси башталды.
Иш-чара аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиеевдин демилгеси менен өткөрүлүүдө. Ошондой эле ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн 300дөн ашуун окумуштуулар, искусство таануучулар, агартуу тармагынын өкүлдөрү катышууда.
Конгрессти аралыктан ачкан Өзбекстан президенти “Азыркы өтө татаал мезгилде, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында карама-каршылыктар жана жаңжалдар күчөп жаткан шартта, биздин эң маанилүү милдеттерибиздин бири — тарыхтан сабак алуу, тынчтык менен туруктуулукту сактоо, бардык иште илим менен агартууга таянуу, элдер арасындагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүү бойдон калууда.
Бүгүнкү форум биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө, ошондой эле гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп, илимий жана маданий диалог үчүн жемиштүү негиз болуп берет деп ишенем.
Конгресстин алкагында сиздер жаңы илимий-изилдөө жана агартуу багытындагы долбоорлорду иштеп чыгып, алар аркылуу өлкөлөрүбүздүн кызматташтыгын жана руханий-маданий байланышын бекемдөөгө салым кошосуздар деп үмүттөнөм”,-деп белгиледи ал.
Конгресс алдында катышуучуларга Ислам цивилизациясы борбору жана анын карамагындагы музей экспозициялары тааныштырылды. Алдыда иш-чара пленардык отурумдар менен уланмакчы.