Ташкент, 22.08.25. /Кабар/. Өзбекстан президентинин алдындагы Стратегиялык реформалар агенттиги дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн "Борбор Азия — 2050" долбоорунун бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстандын элчилери жана Кыргызстандын элчилигинин өкүлү катышты.
Долбоордун негизги максаты – аймактын узак мөөнөттүү өнүгүүсү боюнча бирдиктүү көз карашты түзүү. Ал энергетика, транспорт, климаттын туруктуулугу жана социалдык өнүгүү сыяктуу негизги тармактарды камтыйт.
Документте чек арага жакын аймактарда логистикалык хабдарды куруу, 2040-жылга чейин бирдиктүү энергетикалык базарды жана тарифтик саясатты түзүү, жерасты газ кампаларын өнүктүрүү, климат өзгөрүшүнө каршы биргелешкен чараларды көрүү жана жалпы маданий мурасты даңазалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Адистердин айтымында, бул демилге Борбор Азия өлкөлөрүнүн позицияларын жакындатууга, туруктуулукту камсыз кылууга жана аймактын келечектеги өнүгүүсү үчүн орток чечимдерди кабыл алууга чоң өбөлгө түзөт.