Ташкент, 02.11. 2025 /Кабар/. 29-30-октябрда Ташкент шаарында ишкердикте адам укуктарын сактоо жана жеткирүү чынжырларында адам соодасын алдын алуу маселелерине арналган семинар өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борбору билдирди.
Иш-чаранын максаты — ишкерлердин, мамлекеттик органдардын жана укук коргоо уюмдарынын адам укуктарын сактоо боюнча жоопкерчилигин күчөтүү, «тийиштүү текшерүү» (Human Rights Due Diligence) түшүнүгүн ишмердикке киргизүү жана адам соодасына каршы күрөш боюнча эл аралык тажрыйба алмашуу болду.
Семинарда «Бизнес жана адам укуктары» багытындагы эл аралык стандарттар, Өзбекстандын Улуттук аракеттер планынын долбоору, ошондой эле ишканалар менен мамлекеттик сатып алуулардагы укуктук жоопкерчилик маселелери талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар адам укуктарын коргоо боюнча улуттук механизмдерди өркүндөтүү жана Улуттук аракеттер планын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты. Семинар Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борбору тарабынан ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлор боюнча координаторунун колдоосу менен уюштурулду.