Эми Ташкенттеги базарларда жана соода борборлорунда сүрөт жана видео тартуу үчүн акы алынат

Борбор Азия Загрузка... 19 Ноябрь 2025 10:20
P_19_1.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент шаарында базарлардын жана соода комплекстеринин аймагында фото — жана видео тартып алуу үчүн төлөм расмий киргизилди. Бул тууралуу шаар хокимиятынын чечими жарыяланды.

Документке ылайык, коммерциялык жана жарнамалык максаттагы тартуулар үчүн саатына 5 млн сум (418,74 доллар) өлчөмүндө акы алынат. Бул талап жеке да, юридикалык жактарга да бирдей колдонулат.

Ошондой эле бир катар өзгөчө учурлар каралган: чет элдик туристтерге, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык ЖМК өкүлдөрүнө тартууга уруксат акысыз берилет.

Жаңы тартип базарлар менен соода борборлорунун жаңыланган тарифтерине киргизилген. Мындан тышкары, соода инвентарын ижарага берүү, унаа токтотуучу жайлар жана башка кошумча кызматтар боюнча баалар да кайра каралды.

Система 18-ноябрдан тарта күчүнө кирди.