Ташкентте БАдагы маанилүү минералдык ресурстардын коопсуздугу талкууланууда

Борбор Азия Загрузка... 25 Июнь 2025 09:07
b_24.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 25.06.25. /Кабар/. 24-июнда Ташкент шаарында "MINEX Central Asia 2025" аттуу эки күндүк эл аралык форум башталды. Анын темасы: "Борбор Азиянын маанилүү минералдык ресурстар жаатындагы коопсуздукту камсыздоодогу ролун жогорулатуу", – деп билдирет "Дунё" агенттиги.

Бул форумдун башкы максаты — дүйнө үчүн маанилүү болгон минералдар жаатында Борбор Азиянын жетекчилик ролу күчөп бара жатканын көрсөтүү, маанилүү өнөктөштөрдү тартуу жана аймактык биримдик менен жеткирүү жолдорунун туруктуулугу тууралуу жогорку деңгээлде пикир алмашууга өбөлгө түзүү.

Иш-чаранын ачылышында MINEX форумунун Аткаруучу комитетинин төрагасы Артур Поляков аймактар аралык кызматташтыктын, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоонун жана жеринде кошумча баалуулук жаратуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Катышуучулар өкмөттөр менен каржы уюмдарынын инвестицияга байланышкан коркунучтарды азайтуу, мыйзамдарды эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу, мекемелердин мүмкүнчүлүгүн бекемдөө жана инвесторлордун ишенимин арттыруу үчүн ачык, туруктуу жана ишенимдүү жол-жоболорду түзүү маселелерин талкуулап жатышат.

Форумдун ишине 21 өлкөнүн делегациялары, ошондой эле 200дөн ашуун эл аралык компаниялардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, инвесторлордун, ишкерлердин жана геология тармагындагы эксперттердин өкүлдөрү катышууда.