Ташкентте БА – Россия кызматташтыгынын стратегиялык багыттары талкууланды

Борбор Азия Загрузка... 07 Октябрь 2025 12:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 07.10.25. /Кабар/. Күн мурун Ташкенттеги Борбор Азия эл аралык институтунда «Борбор Азия – Россия: өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү стратегиялык өнөктөштүк» аттуу форум болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — «Борбор Азия – Россия» форматындагы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулап, өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Форумда энергетикалык кызматташтык, эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, коопсуздук чакырыктарына биргелешип каршы туруу, миграциялык саясатты өркүндөтүү, ошондой эле санариптештирүү жана инновациялар сыяктуу темалар талкууланды.

Кыргызстандын президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун экономикалык маселелер боюнча башкы эксперти Максат кызы Бегимай Кыргызстан жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. «Учурда өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 90 пайыздан ашыгы гидроэлектростанциялардын эсебинен алынат», — деди ал.

Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын аналитикалык борборлорунун, илимий мекемелеринин, мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дипломаттар, анын ичинде Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов катышты.

Иш-чара Борбор Азия эл аралык институту менен Россиянын А.М. Горчаков атындагы коомдук дипломатияны колдоо фонду тарабынан уюштурулду.

Эксперттердин айтымында, форум Борбор Азия менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого, өз ара пикир алмашууга жана жаңы кызматташтык багыттарын аныктоого түрткү берди. Иш-чаранын жыйынтыктары «Борбор Азия – Россия» форматындагы мамлекет башчыларынын Душанбеде өтө турган саммитине даярдыктын маанилүү этабы катары каралууда.