Ташкентте БА өлкөлөрүнүн балдар омбудсмендеринин кызматташтыгы талкууланды

Борбор Азия 1699 12 Сентябрь 2025 09:40
senat_12.jpg
senat_12_0.jpg
senat_12_.jpg
Алдыга
Артка
senat_12.jpg
senat_12_0.jpg
senat_12_.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.09.25. /Кабар/. Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн омбудсмендеринин алгачкы эл аралык форумунун алкагында Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын балдар омбудсмендери менен жолугушту.

Ошондой эле жыйынга Норвегия, Хорватия жана Европалык балдар омбудсмендери тармагынын (ENOC) төрагалыгын аткарган Финляндиянын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда балдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташуу, сунушталган демилгелерди ишке ашырууда парламенттердин, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын жигердүү катышуусу талкууланды.

Ошондой эле балдардын укуктарын коргоонун укуктук негиздерин өркүндөтүү жана бул багытта парламенттик көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

senat_12_.jpg

Буга чейин форумда Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева өлкөдөгү балдардын укуктарын камсыздоо жана коргоо жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаңы демилгелерди сунуш кылганы маалымдалган.