Ташкентте БА лидерлеринин VII саммитинин жыйынтыктары талкууланды

Саясат Загрузка... 25 Ноябрь 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 25.11.25. /Кабар/. Ташкентте Борбор Азия мамлекет башчыларынын VII Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктарына арналган тегерек стол өттү, деп жеринен билдирет кабарчыбыз.

Иш-чаранын негизги максаты — саммитте кабыл алынган чечимдерди жана региондук өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган демилгелерди талкуулоо болду.

Жыйында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кеңешчиси Дастан Ниязалиев сөз сүйлөп, Кыргызстан саммитте жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө талапкерлигин бир добуштан колдогон өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Ниязалиев президент Садыр Жапаров белгилеген үч негизги багыт — өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен өндүрүш чынжырларын түзүү жана санариптештирүүнү тереңдетүү — региондук кызматташууну чыңдоодо чоң мааниге ээ экенин айтты. Ошондой эле ал катышуучуларды транспорттук байланыштарды жакшыртууга багытталган «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүү демилгеси менен тааныштырды.

Ал туризм жана маданий байланыштарды кеңейтүү Борбор Азия элдеринин жакындашуусунун маанилүү фактору экенин белгилеп, келерки жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында өнөктөш өлкөлөрдүн спорттук делегацияларын катышууга чакырды. Дипломат сөзүнүн соңунда биргелешкен аракеттер Борбор Азияны туруктуу өнүгүүнүн жана ийгиликтүү интеграциянын үлгүсүнө айлантарын кошумчалады.

Иш-чара Борбор Азия эл аралык институту тарабынан уюштурулду. Анда чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, жетекчи аналитикалык борборлордун жетекчилери, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, ишкер жана эксперттик чөйрөнүн мүчөлөрү, ошондой эле жергиликтүү жана чет өлкөлүк ЖМК журналисттери катышты.