Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрү үчүн байланыш кызматташтыгынын борбору ачылды

Борбор Азия Загрузка... 23 Май 2025 09:18
WhatsApp Image 2025-05-22 at 14.46.13.jpeg
copyright icon Өзбекстандын Санариптик технологиялар министрлиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.05.25. /Кабар/. Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн байланыш тармагындагы кызматташтык боюнча аткаруучу комитеттин (БТКК) аймактык бөлүмүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Санариптик технологиялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Филиалдын негизги максаты — адистер ортосунда үзгүлтүксүз пикир алмашууну камсыз кылуу, стратегиялык маселелерди чогуу талкуулоо жана санариптик трансформация боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн туруктуу аянтча түзүү.

Ачылыш аземге байланыш тармагындагы кызматташтык боюнча аткаруучу комитеттин башкы директору Алексей Бородин, Өзбекстандын санарип технологиялар министри Шерзод Шерматов, Кыргызстандын Санарип өнүгүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев, ошондой эле БТКК Кеңешинин жана Координациялык кеңештин өкүлдөрү катышты.

Филиалдын ишмердүүлүгү UZTELECOM мекемесинин имаратында жүргүзүлөт.

Адистердин айтымында, Ташкенттеги бул борбор Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.