Ташкентте "БА – АКШ" аналитикалык борборлорунун I форуму өттү

Борбор Азия Загрузка... 02 Октябрь 2025 09:54
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 02.10.25. /Кабар/. Ташкенттеги Борбор Азия эл аралык институтунда "Борбор Азия жана АКШ" темасында аналитикалык борборлордун I форуму болуп өттү. Бул тууралуу өздүк кабарчыбыз жеринен билдирди.

Форумдун максаты – «С5+1» форматында диалог жана эксперттик изилдөөлөр үчүн туруктуу аянтча түзүү, Борбор Азия менен АКШнын өнөктөштүгүн бекемдөө, биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу жана кызматташтыкты кеңейтүү.

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлорунун, мамлекеттик органдарынын жана жеке уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле АКШ, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын Өзбекстандагы элчилери катышты.

Кыргызстандан форумга Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун (УСДИ) Административдик жана каржы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Өмүралиева, УСДИнин башкы эксперти Азамат Өмүркулов, Crossroads Central Asia борборунун президенти Шайырбек Жороев жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов катышты.

Катышуучулар соода, инвестиция, инновация жана жаңы технологиялар, жашыл энергетика, критикалык минералдарды пайдалануу жана маданий-гуманитардык кызматташтык өңдүү негизги багыттарды талкуулашты.

УСДИнин бөлүм башчысы Салтанат Өмүралиева өз сөзүндө Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү, АКШ жана эл аралык институттар менен энергетика, санариптик өнүгүү, өнөр жай кызматташтыгы, жашыл технологиялар жана айыл чарба тармактарында биргелешип иштөөгө даяр экенин белгиледи.

Форум "Борбордук Азия – АКШ" форматындагы кызматташуунун 10 жылдыгына арналды.

Иш-чараны Борбордук Азия эл аралык институту, Вашингтондогу Каспий саясаты борбору жана "Мурас" фонду, ошондой эле АКШ–Өзбекстан соода палатасы, АКШ–Кыргызстан жана АКШ–Тажикстан ишкер кеңештери уюштурушту.