Ташкентте Абай Кунанбаевдин 180 жылдыгы белгиленүүдө

Борбор Азия Загрузка... 15 Август 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ташкенттеги Борбор Азия эл аралык институтунда казактын улуу акыны жана ойчулу Абай Кунанбаевдин туулгандыгынын 180 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Форум Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулуп, "Абай Кунанбаевдин руханий мурасы – Борбор Азия элдеринин маданий жакындашуусунун булагы" деген аталышта өттү.

Катышуучулар улуу акындын адам, коом, билим жана адеп-ахлак тууралуу ой-пикирлери бүгүн да өз маанисин жоготпой, элдердин ынтымагын бекемдөөгө жана маданий алаканы кеңейтүүгө өбөлгө болуп жатканын белгилешти.

Ошондой эле Өзбекстан менен Казакстан ортосундагы маданий-гуманитардык байланышты мындан ары өнүктүрүү, анын адабий мурасына болгон кызыгууну өзбек жаштары жана илимий коомчулук арасында арттыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, илим жана маданият тармагынын өкүлдөрү, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана башка эл аралык уюмдардан келген изилдөөчүлөр, жазуучулар, котормочулар жана маданий ишмерлер катышты. Форумга Өзбекстандагы казак, кыргыз, тажик, түркмөн, азербайжан, беларус, орус, татар жана башкыр маданий борборлорунун өкүлдөрү да кошулду.

Серепчилердин баамында, бул жыйын Абай мурасын жаш муунга жана илимий чөйрөгө жайылтууга, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө жана аймактагы достук мамилелерди чыңдоого олуттуу салым кошот.