Ташкентте 53 кабаттуу турак жай курулат

Коом Загрузка... 18 Июнь 2025 17:00
WhatsApp Image 2025-06-18 at 16.52.34.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.06.25. /Кабар/. Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге борбор калаа үчүн ири жана амбициялуу долбоор — эки мунаралуу жаңы турак жай комплекси тааныштырылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ал Шараф Рашидов атындагы көчөдөгү шаар Башкы планындагы реновация зонасында жайгашат. Имаратты мурда электроника тармагында иштеген Foton компаниясы курууга ниеттенүүдө. Комплекстин бир мунарасы 53 кабаттан турат.

Анда 1 500 батир курулуп, 6 миңдей адам жашай алат. Долбоордун жалпы наркы — 175 млн доллар. Долбоор сейсмотуруктуулук, өрт коопсуздугу жана гидрогеология боюнча оң корутундуларды алган. Имарат шаар чөйрөсүн жана транспорттук инфраструктураны жаңылоо программасынын алкагында тургузулат.

Учурда Ташкенттеги эң бийик имарат — 266,5 метрлик, 52 кабаттуу Nest One. Жаңы мунара бул көрсөткүчтөн ашып өтөт.