Ташкентте 5 млрд доллардан ашык чет элдик инвестиция тартылды

Борбор Азия Загрузка... 10 Ноябрь 2025 12:05
M_10 (29).webp

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.11.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын ичинде Ташкент шаарына 5,07 миллиард АКШ доллары көлөмүндө чет элдик инвестиция тартылды. Бул көрсөткүч бекитилген планга салыштырмалуу 92 пайызга жогору болуп, пландын көлөмү 2,65 миллиард долларды түзгөн.

Борбордун эң ири инвестору Кытай болуп калды — анын салымы 1,42 миллиард доллардан ашты. Ошондой эле Түркия (569,9 млн доллар), Россия (512,8 млн), Казакстан (467,4 млн), Бириккен Араб Эмираттары (377 млн) жана Сингапур (250,1 млн) Ташкенттин алдыңкы өнөктөштөрүнүн катарына кирди.

Жыл башынан бери Ташкентте жалпы наркы 900 миллион доллар болгон 305 жаңы долбоор ишке киргизилип, 13,8 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берди. Анын ичинен 245 долбоор кызмат көрсөтүү тармагына (759,1 млн доллар), ал эми 60 долбоор өнөр жай тармагына (141,6 млн доллар) туура келет.

Шаардын хокими Шавкат Умурзаковдун айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгында Ташкентке тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 6,8 миллиард долларга жетет. Анын 6,6 миллиарды чет элдик салымдар болуп, жыл ичинде 2,5 миллиард долларлык 582 долбоор ишке ашырылат. Натыйжада 27,5 миң жаңы жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.