Ташкент, 30.11.25. /Кабар/. Ташкент шаарындагы №9025 шайлоо тилкеси бүгүнкү добуш берүү процессин мыйзам талаптарына ылайык жыйынтыктады, деп жайынан кабарчыбыз маалымдайт.
Шайлоо тилкеси жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин үзгүлтүксүз иштеп, добуш берүүчүлөр үчүн бардык зарыл шарттарды түздү.
Шайлоо тилкесинин жетекчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн башчысы Данияр Убышалиевдин айтымында, орнотулган бардык техникалык жабдуулар туруктуу жана мүчүлүшсүз иштеген.
«Добуш берүү жараяны белгиленген тартипте, ачык-айкын өтүп, укуктук нормалар толук сакталды. Күнү бою эч кандай кемчилик же мыйзам бузуу катталган жок», — деди ал.
Жалпы жыйынтыкка ылайык, №9025 шайлоо тилкесинде 245 шайлоочу добуш берди. Алардын катарында Ташкент шаарында иштеп жүргөн мекендештер, Ташкенттеги жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер, ошондой эле Өзбекстанга мейманчылап же саякаттап келген жарандар болду.
Шайлоо тилкесинин маалыматына караганда, добуш берүү процесси жогорку уюшкандыкта өтүп, ар бир шайлоочу өз конституциялык укугун эркин жана коопсуз пайдалана алды. №9025 шайлоо тилкеси мыйзам тартибине ылайык жабылып, шайлоо протоколдору тийиштүү тартипте топтолду.