Ташкентте 22 улуттун маданиятын бириктирген "Достук" шаарчасы ачылды

Борбор Азия Загрузка... 27 Сентябрь 2025 13:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.09.25. /Кабар/. Өзбекстандын борборунда улуттук маданий борборлор үчүн курулган «Достук» шаарчасынын ачылыш аземи болуп өттү, деп маалымдайт кабарчыбыз.

Иш-чарада Республикалык улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөрдөгү мекендештер комитетинин төрагасынын орун басары Бегзод Шукуров сөз сүйлөп, өлкөдө жашаган бардык улуттардын ар тараптуу өнүгүшү Өзбекстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Шанхай кызматташтык уюмунун Элдик дипломатия борборунун төрагасы Кобилжон Собиров да конокторго кайрылып, Конституцияда өлкөдөгү бардык элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүн сактоо мамлекеттин милдети катары көрсөтүлгөнүн эске салды.

«Бул шаарчада курулган ар улуттун үйлөрү алардын тилин, каада-салтын, үрп-адатын жана руханий баалуулуктарын сактоого чоң өбөлгө болот», – деди ал.

Ошол 22 улуттун ичинен кыргыз боз үйү өзгөчө көзгө урунду. Боз үйдүн төрүндө кырааттуу жайгашкан курак төшөктөр, сандыктар жана жибек курактар кыргыз айымдарынын кол өнөрдөгү назик чеберчилигин көрсөтсө, дубалдарына илинген туш кийиз, шырдак, алашалар кыргыз дүйнөсүнүн өңүн ачып берди. Эркектердин бурчу болсо камчы, курал-жарактар, тиричилик шаймандары менен толукталып, ата-бабанын турмуштук рухун жаңырткандай болду.

Коноктор боз үйгө баш бакканда жөн гана көргөзмөгө киргендей эмес, кыргыз элинин жандуу турмушуна күбө болгондой таасир алышты. Айрыкча этникалык кыргыз Расия Жуманазарованын «Оймолор обон салганда» аттуу кол өнөр көргөзмөсү боз үйгө өзгөчө өң берди. Ал эми Бөкө районундагы №34 кыргыз мектебинин окуучуларынын «Манас» дастанынан айткан үзүндүсү менен кыргыз элдик ырлары залды майрамдык шаңга бөлөдү.

Эске салсак, Өзбекстанда 130дан ашык улуттун өкүлдөрү жашап, алардын 157 улуттук маданий борбору иштеп келет. Иш-чара Өзбекстан Маданият министрлигинин алдындагы Республикалык улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөрдөгү мекендештер комитети жана ШКУнун Өзбекстандагы Элдик дипломатия борборунун демилгеси менен уюштурулду.

Серепчилердин баамында, «Достук шаарчасы» ошол элдердин достугу менен ынтымагын даңазалаган символ катары жаңы барак ачты.