Ташкент ысыктан улам өлүм көп катталган шаарлардын катарына кирди

Борбор Азия Загрузка... 17 Июль 2025 10:45
shutterstock_2346840877-0-0-0-0-1738671575.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.07.25. /Кабар/. Дүйнөлүк банк жана Табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Глобалдык фонддун маалыматына ылайык, Ташкент, Астана жана Бишкек шаарларында ысыкка байланыштуу өлүм көрсөткүчү жылына ар 100 миң адамга 21 учурга чейин жеткен. Ашхабадда бул көрсөткүч 28 учурду түзөт.

Адистердин айтымында, 2090-жылга чейин Борбор Азиянын ири шаарларында аптаптан каза болгондордун саны жылына 23 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Жогорку температура адамдын ден соолугуна гана эмес, өлкөлөрдүн экономикасына да олуттуу таасирин тийгизүүдө. 2023-жылы ысык аба ырайынан улам бүткүл аймакта 87 миңден ашык жумушчу орду жоголгон, алардын 22 миңи Өзбекстанга туура келет. 2050-жылга чейин кээ бир шаарларда ысыктан улам экономикалык чыгымдар ИДПнын 2% ашышы мүмкүн. Кыргызстанда жыл сайын 200 чакырымга чейин жолдор ысыктан жабыркап, транспорттук инфраструктурага чоң чыгым алып келүүдө.

Серепчилердин баамында, абал "шаардык жылуулук аралы" деп аталган эффект менен курчуп жатат — бул көрүнүш тыгыз курулуш, жашыл аймактардын жоктугу жана асфальтталган беттер менен шартталган. Аймакта калктын 70%дан ашыгы шаарларда жашагандыктан, бул абдан кооптуу. Ысыкка эң алсыз катмарлар — кары-картаңдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бойдон калууда.